Дамира Ниязалиева "өкмөт волонтёрлорго шарт түзүүдөн качууда" дейт

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 25-ноябрдагы отурумунда депутат Дамира Ниязалиева “өкмөт жаш волонтёрлорго шарт түзүп берүүдөн качып жатат” деп билдирди. Жыйында депутат Ыргал Кадыралиева тарабынан сунушталган “Волонтёрлордун иши жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда.

Ниязалиеванын айтымында, учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам бере тургандардын саны аз. “Өкмөт мыйзам долбоорундагы жоопкерчиликтүү орган түзүү боюнча пунктун алып салууну сунуштап жатат. Бул мыйзам долбоору жоопкерчиликтүү органсыз иш алып бара албайт. Ошон үчүн сөзсүз башкаруучу орган болушу керек. Бул жерде өкмөт жоопкерчиликтен качып жатканын ачык эле айтышыбыз керек”,- деди ал.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан