Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинде жекече детективдик жана күзөт иштерин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.
Мыйзам долбооруна ылайык, детективдик жана күзөт ишмердигин ишке ашырган кадрларды атайын даярдыктан өтүү, кайра даярдоо жана адистигин жогорулатуу тартибин киргизүү сунушталууда. Андай чаралар иштеп жаткан мыйзамдарда жөнгө салынган эмес. Ошондон улам аларды атайын даярдыктан өткөрүү тартибин өкмөттүн чечими менен бекитүү зарыл.
Андан сырткары атайын даярдыктан өтпөй эле аталган кызматтарда иштөөгө укук коргоо органдарында үч жылдан кем эмес кызмат өтөгөн адамдарга гана уруксат берилмекчи.