Ички иштер министрлиги журналисттерден экстремисттик мүнөздөгү материалдарды чыгарбоону суранды

Ички иштер министрлиги өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарын экстремисттик мүнөздөгү материалдарды чыгарбоого чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы жарыялады.

"Ар террорчулук уюм кандай гана ураан менен чыкпасын, радио, телеберүү, интернет жана ММКларсыз өз ишмердүүлүгүн жүргүзө албайт. Экстремисттик уюмдар коомчулукту коркутуу, дүрбөлөңгө салууга умтулуп, бардык мүмкүнчүлүктөн пайдаланышат. Айрым учурларда ММКлар өз популярдуулугун жогорулатууга ниеттенип, террордук идеяларды үгүттөп, экстремисттик уюмдардын көмөкчүлөрү катары болуп калышат. Жакында 19-ноябрда интернеттеги маалымат каражаттардын бири "Ирак жана Леванта ислам мамлекети" уюмунун видеосун өз порталында чыгарып койгон. Анда террорчулардын казакстандык жаш балдарды согушка машыктыруусу чагылдырылган. Мындан улам Казакстан тарабынан бул ММКга аталган видеону алып коюу боюнча сураныч жөнөтүлгөн",- деп жазат басма сөз кызматы.

"Мамлекет журналисттердин ишмердүүлүгүнө чектөө коюуга укуктуу эмес. Маалымат каражаты социалдык жоопкерчигин өзү туура түшүнүшү керек. Мындан улам террордук жана экстремисттик иш-аракеттер боюнча материалдарды чагылдырууда этият болуу шарт",- деп билдирет ИИМ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан