Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында бир аял таштанды төгүлгөн чуңкурга түшүп кетип каза болду. Анын жансыз денесин ӨКМдин кызматкерлери 31-январда саат 16:20да табышкан. Маалыматтар боюнча, аял түшүп кеткен чуңкурдун тереңдиги 70 метрдей болгон. Иликтөөдө бул жаран 1986-жылы туулган Е.Гузенкова экендиги белгилүү болгон жана сөөк укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.