"Бажы биримдигине кирүүдө Кыргызстан үчүн социалдык жол картаны иштеп чыгуу керек" дейт социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев

Москвада КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев менен Орусиянын Социалдык коргоону өнүктүрүү жана эмгек министри Максим Топилин жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кудайберген Базарбаев Бажы биримдигине кирүүдө Кыргызстан үчүн Орусия, Казакстан жана Беларустун эксперттери менен бирге социалдык жол картаны иштеп чыгуу керектигин белгиледи. Ошондой эле протездик-ортопедиялык кызмат көрсөтүүдө, медициналык-социалдык эксперттик кызматты реформалоодо тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан