Депутаттар бир күндүк маяналарын Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыр тарткандарга беришет

Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы жыйынында депутат Дастан Жумабеков парламент депутаттарына Ысык-Көлдө жер титирөөдөн жабыр тарткандарга бир күндүк маянасын которуп берүүнү сунуш кылды. "2 миңден ашуун үй-бүлө чыгымга учураптыр. Бир күндүк айлыгыбызды берели, мүмкүн, көмүр алышат же башка курулуш иштерине коротушат",- деди депутат. 

Мындай сунушту депутаттар колдоого алышты. КСДП фракциясы тарабынан депутаттардын 2 күндүк айлыгын которуп берүү чечими бар экени айтылды. 

Эске салсак, 14-ноябрда Ысык-Көлдө жер титирөө катталган. Эсептөөлөргө ылайык, келтирилген чыгымдын көлөмү болжол менен 90 миллион сом деп бааланууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан