Депутаттар Ысык-Көлдө жер титирөөдөн жабыркагандардын үйлөрүнүн документтерин бекер жасап берүү керектигин айтышты

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңеште депутат Дамира Ниязалиева Тоң районунун табигый кырсыктан жапа чеккендердин көйгөйүн көтөрдү. Депутат 3-даражада жабыр тарткан 278 үй-бүлөгө 10 миң сомдон берилүүчү ссудалык каражатка кантип үй курууга болорун айтып, анын көлөмүн эки эсеге көтөрүүнү өкмөттөн талап кылды. Ошону менен катар жабыр тарткандар ссуда алуу үчүн үйүнүн Кызыл китеби жокторго тиешелүү документти жасап берүү кымбат экенин билдирип, Тоң районундагы тургундар үчүн документ берүүнү акысыз кылуу керектигине токтолду. “4-даражадагы жабыр тарткан үй-бүлөнүн өкмөттөн 200 миң сом насыя алуу үчүн үйлөрүнүн документтери жок экен. Аны бүтүрүүгө 5-7 миң сом керек болуп жатыптыр. Алар документ жасоону акысыз кылууну суранып жатышат ”,- деди Ниязалиева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан