Ташполот Балтабаев электр энергиясынын 700 киловаттан кийинки баасынын 2 сом 5 тыйын болушуна нааразы

Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы жыйынында депутаттар Ташполот Балтабаев менен Алла Измалкова электр энергиясынын тарифтеринин көтөрүлүшүнө кошумча пикирлерин айтышты. Балтабаев бул маселени парламенттин тармактык комитети карап чыгышы керектигин эскертти. "Колдонулган электр энергиясы айына 700 киловатт-сааттан ашкандан кийин 70 тыйындан эмес, 2 сом 05 тыйындан төлөтүү боюнча тариф бекитилгенден кийин шайлоочулардан көптөгөн телефон чалуулар болууда. Мурда 3 фазаны үй жылытуу үчүн өчүрүп, катардагы абоненттерге 70 тыйындан төлөтүү сунушталган. 3 фазаны үй жылытуудан башка багытка колдонгондор үчүн 1 сом 20 тыйын кылалы дедик эле. Бүгүн эми 2 сом 05 тыйын деп турат",- дейт депутат.  
Измалкова үйлөрү борбордук жылуулук түйүнүнө кошулбаган абоненттер үчүн электр энергиясынан жеңилдиктерди кароону сунуштады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан