Балыкчыдагы эт комбинатын кайрадан ишке киргизүү сунушу айтылды

Депутат Гүлнара Жамгырчиева 27-ноябрда Жогорку Кеңеште Балыкчы шаарындагы жабдуусу толук сакталган эт комбинатын пайдаланууну сунуштады. Депутаттын айтымында, убагында Балыкчы эт комбинаты 2 облустун малын кабыл алып, жүздөгөн жарандар иш орундары менен камсыз болгон. Бүгүнкү күндө бул комбинаттын жабдуусу толук сакталуу бойдон турганы айтылды.

"Балыкчы эт комбинатына тийиштүү лаборатория гана керек. Аны өкмөт комбинатка болгон карызынын эсебинен куруп берип, ишке киргизсе, канчалаган иш орундары түзүлүп, мамлекетке канчалаган салыктар түшө баштайт эле", - дейт депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан