Памирлик кыргыздарга сабак берүүгө барчу кыргызстандык мугалимдерге Ооганстан 400 доллардан төлөп берет

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңеште депутат Мирлан Бакиров Улуу Памир, Кичи Памирдеги кыргыздарга барып келгенин айтып, депутаттарга алардын жашоо шарты тууралуу маалымат берди. Депутаттын айтымында, алардын жашоосу оор бойдон калууда. Депутат боордоштор балдарын Кыргызстанга алып келип, интернаттарга жайгаштырып, билим алуусун камсыздоо маселесин суранышууда. “Келерки жылы дагы ушундай экспедициялар уюштурулса, курулуш материалдарынан жардам беришибиз керек. Себеби алардын медициналык пункт сындуу объекттерди курсак деген планы бар экен”,- дейт Бакиров. Аталган аймакка мугалим, медицина кызматкерлерин жиберсе, 400 доллар төлөп берүүгө Ооганстандын мүмкүнчүлүгү бар экенин да кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан