Депутаттар пенсияга чыга элек Баатыр энелер үчүн республикалык бюджеттен акча бөлүүнү сунушташууда

Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы жыйынында депутат Майрамкүл Тиленчиева пенсияга жашы жете элек, көп балалуу Баатыр энелердин социалдык абалын жакшыртуу зарылдыгын көтөрдү. Депутат мындай энелерге мамлекет тарабынан жетиштүү деңгээлде колдоо көрсөтүү үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүү зарылдыгын айтат. Анын билдиришинче, бюджети дотацияда турган жергиликтүү бийликтер эч кандай жардам көрсөтө алышпайт. "Пенсияга чыккандар 1500 сом кошумча акы алышса, пенсия курагына чыга элек Баатыр энелерге мындай каражат бөлүнбөйт. Ушундай Баатыр энелерге өкмөт көңүл буруп, республикалык бюджетке киргизүү же донорлорду тартуу менен бул жагдайды чечиши керек”,- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан