"Аравандагы мектептин ачылышында Өзбекстандын гимни эмес, башка, жай музыка чыгып кеткен" дейт иш-чарага катышкан Айбек Исаев

Буга чейин Кыргызстандагы айрым массалык маалымат каражаттарында “Араван районунда расмий иш-чаралар Өзбекстандын гимни менен башталууда” деген маалыматтар жарыяланган. Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырова да бул маселени көтөрүп, “дагы бир нерсенин үстүнөн чыкканы калдык, буга тезинен чара көрбөсөк болбойт” деди.

Бул боюнча ошол мектептин ачылышына катышкан өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Айбек Исаев бул маалымат эч кандай чындыкка дал келбестигин, жумурткадан кыр издегендердин иши экенин айтты.

“Иш-чара башталарда гимндин ордуна башка, жай темптеги музыка чыгып кеткен. Бирок ал Өзбекстандын гимни эмес эле. Бул, албетте, техникалык жактан адашуу болуп эсептелет. Иш-чара учурунда Кыргыз Республикасынын Гимнин мектеп окуучулары хор менен аткарып беришкен. Жумурткадан кыр издегендердин иши. Бул нерсе улуттар аралык мамилеге шек келтирет”,- деди Айбек Исаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан