Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңеште кайрылмандардын Кыргызстанга келүүсүн жөнөкөйлөштүрүү, алардын жашоо шартын жакшыртуу, документтер менен камсыз кылуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралды.
Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун айтымында, Кыргызстанга кайтып келген этникалык кыргыздарга да алардын бул жерде жашаган туугандарынын ишеним катынын негизинде "кайрылман" макамын берүү, алардын уруксат берүүчү документтерсиз эле жумушка орношуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, медициналык маалым кат тапшыруу талабын жокко чыгаруу, алардын керт башын аныктоочу документтер менен камсыз кылуу сунушу киргизилип жатат.
Депутаттар мыйзам долбоорун 2-окууда добуш берүүгө жиберишти.