Бүгүн, 27-ноябрда жаңы курамдагы Сотторду тандоо кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Жыйында Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Судьяларды тандоо кеңешинин жаңы курамына тарыхый миссия жүктөлүп жатканын айтты. “Коомчулук сот реформасы токтоп калды деп эсептейт. Андыктан сиздер бул багытта реформа иштери улантылып жаткандыгын далилдешиңиздер керек. Ошондой эле көз карандысыз судьяларды шайлашыңыздар зарыл”,- дейт Жамашева.
Депутат Токтогул Туманов Сотторду тандоо кеңешинин мурунку курамынын иши жарандардын нааразычылыгын жаратканын айтты. “Коррупциянын элементтери белгиленген, андыктан аракеттеги мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди”,- дейт Туманов.