Кыргызстандын вице-премьер-министри Валерий Диль Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Орусия, Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Гернот Эрлер менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу жана аймактык кызматташтыктын маанилүү маселелерин, мунун ичинде Европалык союздун стратегиясынын алкагында Борбор Азия менен мамиле кылуу багытын талкуулашканын бүгүн, 27-ноябрда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Эрлер Кыргызстандагы парламентаризмди өнүктүрүү тажрыйбасы аймактагы башка өлкөлөргө үлгү болорун белгиледи.