Сайдулла Нышанов, депутат: "Бир-эки жылдын ичинде өлкө экономикасында чоң жылыш болот"

Кыргызстанда бир-эки жылдын ичинде экономикалык жактан чоң жылыштар болот. Муну бүгүн, 27-ноябрда "Парламент" радиосунун түз эфиринде Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов билдирип, өлкөдө аздыр-көптүр жылыштар болуп жатканын билдирди. "Кыргызстанда алдыга жылыштар болуп эле жатат, муну көргүсү келбегендер болууда. Ооба, кемчиликтер да бар. Парламент колдон келген аракетин жасап жатат. Бирок алдыга умтулушубуз керек, жакынкы 1-2 жылда чоң жылыштар болот",- деди депутат.  
Депутат Кыргызстандагы этти өнүккөн өлкөлөр сатып алууга кызыгып жатышканын, өлкөгө заманбап үлгүдөгү эт комбинатын куруу зарыл экенин кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан