Бүгүн, 27-ноябрда Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамы Шамарал Майчиевди кеңештин төрагасы кылып шайлады. Анын талапкерлигине кеңештин 20 мүчөсү "макул" деп добуш берди. Төраганын орун басары болуп Нургүл Сатыбалдиева шайланды.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеш 19-ноябрдагы жыйынында кеңештин 24 мүчөсүнүн 20сын бекиткен. Ал эми жалпы курамдын үчтөн бири парламенттеги көпчүлүк коалиция, үчтөн бири парламенттик оппозиция, үчтөн бири Судьялар кеңеши тарабынан көрсөтүлүп, алар 3 жылдык мөөнөткө шайланышкан.