Борбор калаада насыяларды туура пайдалануу боюнча бизнес-форум өтүүдө

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкекте КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан уюштурулган бизнес-форум орун алууда. "Кыргыз Республикасы менен Польшанын ортосундагы 2014-жылдын 24-июнундагы макулдашууга ылайык бөлүнө турган насыяларды эффективдүү пайдалануу" аттуу иш-чарага Кыргызстан менен Казакстандагы Польшанын атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Яцек Клочковский баш болгон делегация жана Кыргызстандын ишкердик багытындагы өкүлдөр катышууда.

Конференциянын максаты лизинг аркылуу кыргыз ишкерлери жана дыйкандарына берилүүчү техникалар менен таанышуу болуп саналат. Форум 28-ноябрда да уланат. Ага Польша тараптан 45-50 жана Кыргызстан тараптан 100дөй адамдын катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан