Кыргызстанда ар бир 5 адамга бирден автоунаа туура келет. Муну парламенттин 27-ноябрдагы жыйынында депутат Абдыманап Кутушев билдирип, оң рулдуу унааларды Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салууга каршы экенин кошумчалады. Депутаттын айтымында, Кыргызстандагы ар бир 1000 адамдын 211инде автоунаа бар. Жыйында депутаттар оң рулдуу унааларга караганда Түштүк Кореядан чыгарылган унаалар адам өмүрү үчүн кооптуу экенин айтышты. "Тико деген унаа Кореянын өзүндө калбай калды, баарын алып келип Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусу бөлүп алды. Сол рулдуу болгону менен, бул унаалар өтө кооптуу, анткени консерванын идишиндей эле калыңдыктагы материалдан жасалган. Кокус кырсыкка кабылса, ичиндеги адам сөзсүз бир нерсе болот. А биз оң рулдуу унааларды эле көрүп туруп алдык",- дешти депутаттар.