Алмазбек Атамбаев насыялык маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 23-октябрында кабыл алынган мыйзамдын максаты насыялык маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мамилелерди укуктук жактан жөнгө салуу болуп саналат.

Мыйзам насыялык тарыхтарды калыптандыруу жана насыялык маалымат алмашуу милдетин аткарган насыялык бюролордун ишмердигине тиешелүү мыйзамдардагы кенемтелерди толуктайт.

Мыйзам төмөнкү күндөн тартып күчүнө кирет:

1) насыялык бюролордун ишин лицензиялоого жаткан иштин түрлөрүнүн тизмегине киргизүү караган "Кыргызстандагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоолор күчүнө кирген;

2) ушул мыйзамга ылайык, насыялык маалымат алмашуу укугун караган "Банктык сыр жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөр күчүнө кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан