Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө тийиштүү бир катар мыйзамдарды кабыл алды

Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы жыйынында депутаттар Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланышкан бир катар мыйзам долбоорлоруна 3-окууда добуш беришти. Жыйынтыгында кабыл алынды. 

Алар:

- “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”; 

- “Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы жөнүндө”;  

- “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө”; 

- “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”; 

- “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”; 

- “Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө”; 

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”; 

- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”;  

- “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу”;  

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан