Парламент депутаты Улукбек Кочкоров бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандагы оң рулдуу унаалардын рулун сол жагына которуу маселесин көтөрдү. Анын айтымында, Орусия бул ыкманы ийгиликтүү колдонуп келүүдө. “Орусияда Япониядан кирген оң рулдуу машина 10 миң доллар турса, ошол деңгээлдеги европаныкы 20 миң доллар турат. Орусияда айрымдар 10 миң долларга сатып алган автоунаасынын рулун сол тарабына которуп алып минип жүрүшөт. Биз деле ушуга керектүү шаймандарды алып келип жасасак болот. Бул үчүн өкмөттөн макулдук керек”,- деди депутат.