Дин кызматкерлери жаза өтөп жаткандарга дин тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы жазаларын өтөп жатышкан жарандарга дин тууралуу кеңири түшүнүк берүү үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына атайын график түзүп берген. Ага ылайык, 20га жакын дин кызматкери жаза өтөө мекемелеринде тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган графикке ылайык, №1, 2, 3, 8, 14, 16, 19, 21, 23, 24, 27, 31, 47, 50-жаза өтөө мекемелерине дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин кирүүгө уруксат баракчалары берилген.

Маалым болгондой, Дин башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмү абактагы жарандарды мекенди сүйүүгө, ыймандуулукка, сабырдуулукка, адеп, тарбияга жана жакшы иштерди жасоого үндөп жатышат

Эске салсак, мындай иштер 2014-жылдын 12-февралынан баштап жүрүүдө жана ушул жылдын аягына чейин улантылмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KIPCHAK-KALMAK
2014-11-27 17:34:47
Жакшы ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан