Бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз ССРинин Эл артисти, композитор Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды. Токтомдо өкмөткө 2015-жылы Ж.Шералиевдин 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комиссиясын түзүү жана тиешелүү иш-чараларды кабыл алуу тапшырмасы каралган.
Айта кетсек, Ж.Шералиев кыргыз улуттук маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. Ал 700дөн ашуун чыгармага музыка жана обон жазган.