Кыргызстан: Автоунааларды жолдун сол жагы менен жүргүзүү нормасына өткөрүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы жыйынында депутаттар Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салуу демилгесин талашып-тартышууда. Жыйында депутат Алтынбек Сулайманов буларды билдирди: "Кыргызстанга быйылкы жылдын 10 айында 74 миң автоунаа киргизилсе, мунун 46 миңи оң рулдуу унаалар болгон. Башкача айтканда, өлкөгө киргизилген жалпы унаалардын 66 пайызы оң рулдуу. Эгер ушундай темпте кете берсек, анда 10 жылдан кийин өлкөдө оң рулдуу унаалардын саны сол рулдуулардан ашып түшөт. Келгиле анда, Кыргызстанда унааларды азыркыдай жолдун оң жагы менен эмес, сол жагынан жүргүзүү нормасына өтөлү".
Сулайманов оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизүү демилгесин колдой турганын билдирди. 
Кыргызстандагы унааларды көчөнүн сол жагынан жүргүзүү нормасына өткөрүү сунушун башка депутаттар да айтышууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан