Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңеште Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепеттери, табигый кырсыктан жапа чеккен жергиликтүү тургундардын абалы, аларга көрсөтүлүп жаткан жардамдар тууралуу маалыматы угулду.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбековдун маалыматына караганда, жергиликтүү калктын турак жайларына 35 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталып, азыр социалдык объектилерге келтирилген зыяндын көлөмү такталып жатат. Жалпы зыян азырынча 42 миллион сомду түздү. Иликтөө иштери улантылууда.
Өлкө аймактарынан табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам катары 5 миллион сомдук кайрымдуулук жардамы жөнөтүлдү. Андан тышкары өкмөт тарабынан 50 миллион сом акча каражаты каралды. Ал жакында келтирилген зыяндын өлчөмүнө жараша таркатылып бериле баштайт.