Эртең, 28-ноябрда Жогорку Кеңештеги депутаттар тобу Ысык-Көлгө жер титирөөдөн жапа тарткан тургундар менен жолугушууга барышат. Муну Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы жыйынында вице-спикер Төрөбай Зулпукаров билдирди. Иш сапарынын алкагында депутаттар табият кырсыгынан жабыркагандардын жашоо шарты жана окуянын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүн аткарып жаткан иштери менен таанышып чыгышмакчы.