Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы жыйынында депутат
Ажибай Калмаматов Кыргызстан эртеби-кечпи оң рулдуу автоунаалардан арылышы керектигин билдирди. Депутат өлкөгө япониялык унааларды киргизбей коюу демилгеси өз учурунда көтөрүлүп жатканын айтып:
"Оң рулдуу унааларды жарандардын коопсуздугу үчүн өлкөдөн жоготушубуз зарыл. Бажы биримдигине кирсек, 10-11 жыл Орусиянын Ладасын минип турабыз. Эч нерсе болбойт, буга чейин деле минип жүргөнбүз. Бара-бара өлкөдө жалаң сол рулдуу унаалар жүрүп баштайт",- деди.
Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиевдин айтымында, тийиштүү мыйзам кабыл алынгандан 6 айдан кийин күчүнө кирет. Ага чейин өлкөдөгү оң рулдуу автоунааларды каттатып алуу мүмкүнчүлүгү болот.