Спирт ичимдиктерин жарнамалоого чектөө киргизүүчү мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Дастан Бекешев сунуштаган алкоголдук продукцияны жарнамалоого чектөө киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун 3-окууда добуш берүүгө жиберишти. Мыйзам долбооруна ылайык, алкоголдук ичимдикти жарнамалоо убактысы кыскармакчы. Бекешевдин айтымында, учурда алкоголдук продукцияларды саат 22:00дөн баштап 06:00гө чейин жарнамалоого уруксат берилип келсе, жаңы мыйзам долбоорунда бул убакыт саат 00:00дөн 06:00гө чейин деп белгиленүүдө. Мыйзамды бузгандар үчүн айып пулдун төлөмү жогорулатылмакчы.

Мындан тышкары алкоголдук ичимдиктерди сатуучу кардарлардын жашы шек жараткан учурда сатуучу алардан паспорт талап кылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан