Кыргызстанда светтин жана газдын тарифин аныктай турган жаңы агенттик түзүлдү

Кыргызстанда отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча агенттик түзүлдү. Тийиштүү токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун бүгүн, 27-ноябрда өкмөттөн билдиришти. Жаңы түзүлгөн органдын негизги милдети - электр жана жылуулук энергиясын, жаратылыш газын өндүрүүчүлөр менен колдонуучулардын кызыкчылыктарынын тең салмактуулукту камсыздоо, тармактагы лицензия берүү жана лицензиялык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө, электр жана жылуулук энергиясы, жаратылыш газы үчүн тарифтерди коюу. Жаңы агенттиктин түзүлүшү менен Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаменти жоюлары айтылган эле.  
Маселе буга чейин Жогорку Кеңеште каралып, колдоо тапкан.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан