Валерий Диль германиялык банктын өкүлү менен Кыргызстан-Германия каржылык алакасын талкуулады

Кыргызстандын вице-премьер-министри Валерий Диль Германия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын мүчөсү Норберт Клоппенбург менен жолугушту. Өкмөттүн маалымат кызматы 27-ноябрда билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен Германия ортосундагы каржылык кызматташуу талкууланды.

Маалыматка таянсак, Германия өнүктүрүү банкы кызматташуу жылдары Кыргызстанга 242 миллион евро суммасында көмөк көрсөтүп, бул каражат экономиканын туруктуу өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо багыттары боюнча иштетилген.

Мындан тышкары гидроэнергетика тармагында кызматташуу келечеги, Кыргызстандын Германиянын алдындагы тышкы карызды конверсиялоо маселеси да талкууланганы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан