Валерий Диль Германиянын Экономика жана энергетика министрлигинин катчысы Райнер Зонтовски менен жолугушту

Германияга жасаган иш сапарынын алкагында Кыргызстандын вице-премьер-министри Валерий Диль Германиянын Экономика жана энергетика министрлигинин мамлекеттик катчысы Райнер Зонтовски менен жолугушту. Жолугушууда германиялык тарап экономикалык кызматташуунун жаңы баскычынын башталышы тууралуу келишимдерге басым жасап, эки өлкө аралык соода-экономикалык кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын билдирди.

Райнер Зонтовски кызматташууну өнүктүрүү процессине Германия өкмөтү тарабынан каржыланган Кыргызстандын бизнес жаатындагы адистерин даярдоо программасынын катышуучуларын тартуу ишин белгиледи.

Валерий Диль немис тараптын адистерди даярдоо, ошондой эле өлкөнүн экономикалык тармагын илимий жактан колдоого алуу жаатында көмөк берүүсүнүн зарылдыгын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан