Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 27-ноябрда Санкт-Петербург шаарында Евразиялык экономикалык шериктештиктин Парламенттер аралык ассамблеясынын бюросунун жыйынында билдирүү жасады. Жээнбеков шериктештик өзүнүн тарыхый милдетин жана башкы функцияларын аткарып бүткөнүн белгиледи.
"Аталган бирикменин алкагында экономикалык интеграциянын жаңы фазасына өтүүдө базалык шарттар түзүлдү. Биргелешкен күч-аракеттердин негизинде ЕврАзЭШ ачык жана көп тараптуу интеграциялык биримдик катары түзүлгөн. Анын иши өз ара урматташуу, уюмдун мүчө-мамлекеттеринин ар биринин кызыкчылыктарын эске алуу принциптеринин негизинде жолго коюлган. ЕврАзЭШ иштеген 14 жыл аралыгында ал өзүнүн түйүндүү милдеттерин аткарып, евразиялык интеграциянын ырааттуу өнүгүшүн камсыз кылды, Бажы биримдиги менен Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү жана ишке киргизүү 2015-жылдын 1-январынан тарта Евразиялык экономикалык биримдиктин баштоо негизин салды",- деп билдирди төрага.
Спикер Кыргызстандын Бажы биримдигине, Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке, жаңыдан түзүлүп жаткан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу маанилүү тышкы экономикалык артыкчылык болуп эсептелерин айтты. “Аталган биримдикке кошулууга тийиштүү документтерде белгиленген позицияларды кыргыз тарап ишке ашырууда. Мыйзам долбоорлорунун биринчи пакети парламентте 3-окуудан өттү. Мыйзам долбоорлорунун экинчи пакети 1-окуудан жактырылды. Биз интеграциялык бирикмеге кирүү жөнүндө келишимге кол коюуга чыгуу максатында жакын арада бардык формалдуу процедураларды аяктоого ниеттенип жатабыз”,- деди Жээнбеков.