ОПЕК суткасына 30 миллион баррель мунай өндүрүү нормасын өзгөртпөө чечимин кабыл алды. Мындай чечим 27-ноябрь күнү кечинде жарыяланары менен мунайдын баасы жана рублдун курсу кескин төмөндөдү: мисалы, "Брент" үлгүсүндөгү мунайдын баррели 73 долларга түшкөнүн орусиялык маалымат булактары жарыялашты. Рублдун курсу да төмөндөп, учурда 1 доллар 47 рубль 66 тыйынды түзүүдө. "Рынок буга кандай реакция жасай турганын көрөлү, ошого жараша аракет кылабыз",- деп билдирет ОПЕКтин башкы катчысы Абдалла Салем аль-Бадри.
Ал эми орусиялык "Роснефть" компаниясынын президенти Игорь Сечин буларды билдирди: "Баалардын 60 долларга же андан да ылдый түшүшү күтүлүүдө, тагыраак айтканда, бул нерсе жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейин уланат. Баанын 60 доллар болушу деле жаман эмес. Албетте, айрым кымбат баалуу долбоорлорду токтотууга аргасыз болобуз".
Сечин мунайдын баррели үчүн баанын 60 доллардан төмөн түшүшү Орусияда мунай өндүрүүнү кыскартууга алып келбей турганын кошумчалады.
ОПЕК - мунайды экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму. Анын курамында 12 мамлекет бар: Иран, Ирак, Кувейт, Сауд Арабиясы, Венесуэла, Катар, Ливия, Бириккен Араб Эмираттары, Алжир, Нигерия, Эквадор жана Ангола.