Асылбек Жээнбеков кыргызстандык мигранттар боюнча жаңы макулдашуу жактырылганы үчүн Орусияга ыраазычылык айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 27-ноябрда Санкт-Петербург шаарында Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Жээнбеков Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташууда жакшы жылыштар болуп жатканын белгилеп, келечекти көздөгөн мамиле эки өлкөнүн кызыкчылыгына туура келерин айтты. "2013-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкиндин, быйыл октябрь айында сиздин Кыргызстанга жасаган иш сапарыңыз парламенттер аралык мамилени чыңдоо менен катар эки тараптуу карым-катыштын бекемделишине салымын кошту”,- деди Жээнбеков.

Кыргызстандын Бажы биримдигине, андан кийин Евразиялык экономикалык мейкиндигине кошулуу аракети талкууланды. 

Матвиенко Орусия Кыргызстанды негизги стратегиялык өнөктөшү катары эсептей турганын жана ар тараптан колдоого даяр экенин билдирди. Айтымында, Бажы биримдиги жана Евразиялык экономикалык мейкиндиги мамлекеттер аралык кызматташуунун жаңы этабына жол ачат.

Жолугушууда миграция маселеси да талкууланганын парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрү ортосундагы кыргызстандык эмгек мигранттары боюнча жаңы макулдашуу жактырылганы үчүн Орусия тарапка ыраазычылык билдирген Жээнбеков бул мигранттарга ыңгайлуу шарт түзөрүн белгиледи. 

Жаңы макулдашууда мигранттар үчүн кандай жеңилдиктер каралганы тууралуу кошумча маалымат берилет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан