Бишкекте рублдун курсу 1 сом 15 тыйынга түштү

28-ноябрга карата Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында рублдун курсу дагы бир ирет төмөндөдү. Учурда 1 рублду сатып алуу 1 сом 15 тыйын, сатуу 1 сом 18 тыйын болууда. Айта кетсек, өлкөдө рублдун курсу акыркы 4-5 айдан бери кескин төмөндөө үстүндө. Мисалы, 6-ноябрга карата орус валютасын сатып алуу 1 сом 25 тыйын болсо, сатуудагы баа 1 сом 27 тыйын болгон эле. Мындан 5 ай мурун, июнь айында рублду сатып алуу 1 сом 50 тыйын, сатуу 1 сом 51 тыйынды түзгөн. 
Орусия акча бирдигинин арзандашы аталган өлкөдө иштеп жаткан мекендештер үчүн жагымсыз көрүнүш. Анткени алар иштеп таап, мекенине жөнөткөн акчанын (рублдун) күчү жоголууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан