Өкмөт башчы Ош облусундагы Араван районунун акимин кызматтан бошотту

Шамил Артыков Ош облусундагы Араван районунун акими кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун бүгүн, 28-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт башчынын башка жарлыгы менен Курбанбек Айтибаев Ош облусундагы Араван районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды. Өкмөт башчынын дагы бир жарлыгы менен Абдилаким Гапаров Араван районунун акиминин биринчи орун басарлык кызматынан бошотулду. 
Эскерте кетсек, аталган райондо жакында коомчулуктун көңүлүн бурган окуя болгон. Жаңы мектептин ачылыш аземинде Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин ордуна Өзбекстандын гимни аткарылып, катышуучулар аны 1 мүнөттөй угуп турушканы маалымат булактарына тараган эле. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, айрым депутаттар бул окуяны жамандыктын жышааны деп баалашты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан