Окуу китептерин басып чыгаруу боюнча өткөн тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылды

Мектептер үчүн окуу китептерин басып чыгаруу боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылды. Муну билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева "Ар-намыс" фракциясынын 28-ноябрдагы жыйынында билдирди. Ашымбаеванын айтымында, тендерге катышкан компаниялардын бири тендерден четтетилгени үчүн Билим берүү жана илим, Каржы министрликтерин сотко берген. "Тендер 1-июлда жарыяланып, 6 компания катышкан. Бирок "Континент Принт" деген компаниянын китеп басууга ылайыктуу шаймандары жок болгондуктан, тендерден четтетилген. Аягында ал бизди кайра сотко берип жатат. Ошон үчүн тендердин жыйынтыгын жокко чыгардык",- деди министрдин орун басары. Ашымбаева кайрадан тендер өткөрүү 10-декабрга белгиленгенин кошумчалады.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан