"Коопсуз шаар" долбооруна катышкан компаниялардын сунуштарын кароо иши 1-декабрда башталат

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендердик комиссия 1-декабрда компаниялар тарабынан түшкөн сунуштарды кароону баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда маалымат жыйында ИИМдин башкы маалымат борборунун жетекчиси Алмаз Бообеков билдирди. Айтымында, тендердик сынактын экинчи туруна 5 компания өткөн (1 жергиликтүү, 4 чет элдик компания). Экинчи турга өткөн компаниялар 29-ноябрга чейин өздөрүнүн тендердик сунуштарын берип, андан кийин түз эфир аркылуу конверттер ачыла турганы айтылды. Мындан кийинки 2 айдын ичинде жеңүүчү компания аныкталмакчы. 

Айта кетсек, аталган долбоор ишке ашса, өлкөдө автоматташтырылган видеобайкоо, фото жана видеофиксация системи иштеп баштайт. Ошондой эле каттоонун бирдиктүү электрондук борборун түзүү жагы каралган. 

Бул жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү боюнча укук коргоо органдарынын, Башкы прокуратуранын ишинин натыйжалуу болушуна шарт түзмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан