Кыргызстандын Социалдык өнүгүү министрлиги 6 жыл ичинде мамлекеттик буйрутманын линиясы боюнча бейөкмөт уюмдарды колдоону 5 эсе күчөттү. Муну аталган министрликтин жетекчиси Кудайберген Базарбаевге шилтеме берүү менен министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. "Мисалы, 2009-жылы жарандык сектордун долбоорлоруна 4,3 миллион сом бөлүнсө, быйыл 22,4 миллион сомго каржыладык. 6 жыл аралыгында бейөкмөт уюмдар 35 социалдык кызмат көрсөтүү багыты боюнча 75 миллион сомдук долбоорлорду ишке ашырышты. 2009-жылы сынак бир темада болсо, быйыл 15 тема сунуштадык. Мунун алкагында карыларга, балдарга жана жашоо шарты оор үй-бүлөлөргө түрдүү кызматтарды көрсөтө турган 7 борбор ачтык",- деп билдирди Базарбаев Бишкекте өткөн тегерек столдордун биринде.