Казакстандан Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү 10 айда 4,4 пайызга өскөнү айтылды

2014-жылдын январь-сентябрь айларында өлкөгө келген түз инвестициянын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 35,4 пайызга азайды. Муну Улуттук статистика комитетинен 27-ноябрда билдиришти. Маалыматка таянсак, 2014-жылдын биринчи кварталында КМШга мүчө эмес өлкөлөрдөн келген түз инвестициянын көлөмү 2013-жылга салыштырмалуу 34,6 пайызга азайды. Кытайдан келген инвестициянын көлөмү 2,3 эсе, Канададан келген инвестиция 1,8 эсеге түшүп кеткени айтылды. 

2014-жылдын 9 айында КМШга мүчө өлкөлөрдөн келген түз инвестициянын көлөмү 2013-жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге төмөндөдү. Орусиядан келген инвестиция 3,5 эсе кыскарса, Казакстандан келген инвестициянын көлөмү 4,4 пайызга өскөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан