2014-жылдын 1-декабрында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелеринде жаңы окуу жылы башталат. Муну бүгүн, 28-ноябрда аталган органдын басма сөз кызматы билдирди. Аскерлерди жана башкаруу органдарын даярдоо планына
ылайык, 1-декабрдан 4-декабрга чейин кошуундар, бөлүктөр жана
мекемелерде Башкы штабдын аскерлери жана башкаруу органдары менен күжүрмөн даярдык боюнча
сабактар жүргүзүлөрү айтылды.
Сабак жаңы окуу жылынын ачылышына арналган Генералдык штабдын жетекчилигинин катышуусундагы митингдер менен башталат. Ошондой эле
биринчи күндөгү сабакта Борбор Азия аймагындагы жана өлкөдөгү
аскердик-саясий абал, 2015-окуу жылына карата жаңы тапшырмалар тууралуу
коомдук-мамлекеттик даярдыктар боюнча да маалыматтарды берүү пландалууда.
"Адатта, сабактардын жүрүшүндө күжүрмөн даярдыктын ар
түрдүү даражасын өздүк курамга кабарлоо жана чогултуу маселесине, күжүрмөн
тапшырмаларды тактоо, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдык боюнча эсептер менен
пландарды макулдашууларга, өздүк курамдын жаңы окуу жылына карата даярдыгы
менен экипировкасын текшерүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Жаңы окуу жылынын ачылышына арналган сабактар Башкы штабдын аскерлери жана башкаруу органдары, аскер
комиссариаттары жана аскер бөлүктөрүнүн текшерүү топтору менен мобилизациялык
машыгууларды өткөрүү менен аяктайт",- деп билдирет мекеме.