Украина: Арсений Яценюк кайрадан премьер-министр болуп шайланды

Украинада жакында өткөн шайлоодон кийин алгачкы жыйынга чогулган Жогорку Раданын депутаттары 27-ноябрда парламентте ант беришти. Чет элдик маалымат булактары билдиргендей, аземден кийин депутаттар Арсений Яценюкту Украинанын премьер-министри кылып дагы бир ирет бекитишти. Парламенттин спикери болуп Владимир Гройсман шайланды.  

Президент Пётр Порошенконун партиясы коалициялык көпчүлүктү түзүү укугун алып, жаңы коалиция түздү. Ага “Пётр Порошенконун блогу”, "Элдик фронт”, “Өз ара көмөктөшүү”, "Радикалдык партия” жана “Батькившина” кирди

Айрым депутаттардын ант берүү аземине аскердик форма менен келгени социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан