Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кириши боюнча 2-декабрда парламенттик угуу өткөрөт. Муну бүгүн, 28-ноябрда парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Парламенттик угуу өткөрүүнү Экономикалык жана фискалдык саясат комитети демилгелөөдө, угууга депутаттар, өкмөт жана жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер жана башкалар катышат. Анда аталган биримдиктерге кошулуу процесси талкууланып, кемчиликтер, сунуштар айтылат. Жыйынтыгында тийиштүү чечим кабыл алынмакчы.