Жарандык коомчулукту Сотторду тандоо кеңешине кошуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда тегерек столдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин Соттук-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин башчысы Токтогул Туманов билдирди.
Анын айтымында, ал жетектеген комитетке жарандар тарабынан судьялардын адилетсиз жана мыйзамсыз чечимдери боюнча нааразылык арыздары келет. "Мындан улам депутаттар жарандык коомчулукту аталган кеңешке кошууну туура көрүштү. Тиешелүү мыйзам долбоору жакында парламентке сунушталат",- деди ал.