Билим берүү жана илим министри Канат Садыков менен Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору Владимир Нифадьевдин жоопкерчилигин кароо боюнча прокуратуранын сунушу өкмөткө келе элек. Муну бүгүн, 28-ноябрда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. "Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев министр жана ректор боюнча Башкы прокуратуранын кайрылуусун карап жатат" деген маалымат жалган" деп билдирди өкмөт.
Айта кетсек, прокуратура 24 абитуриентти Кыргыз-Орус Славян университетине кабыл алууда билим берүү жана илим министри жана аталган окуу жайдын ректору тарабынан мыйзамды орой бузуу болгону аныкталганын билдирип, министр менен кошо ректордун кызматтык жоопкерчилигин кароо сунушу өкмөт башчыга жиберилгени айтылган.