Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бир катар жергиликтүү соттордун судьяларын мөөнөтүнөн мурда кызматтарынан бошотту. Президент Сотторду тандоо кеңешинин сунушу менен төмөнкү судьяларды кызматтан алуу боюнча буйрук чыгарды:
Анарбек Конгайтиев - Талас облусундагы Талас шаардык сотунун төрагасы;
Раимжан Нурматов - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы;
Муратбек Орозбеков - Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы;
Аскар Сүйүмбаев - Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы.
Буйрук кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирерин билдирет президенттик аппараттын басма сөз кызматы.