Бүгүн, 28-ноябрда парламент депутаттарынан турган топ Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепети менен таанышты. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттар алгач Тоң районундагы Бөкөнбаев айылындагы Ж.Алтымышев атындагы мектептин имаратын көрүштү. Мектеп жамааты менен жергиликтүү тургундар буга чейин мектепте капиталдык оңдоо болбогонун айтып, капиталдык оңдоодон өткөрүүнү өтүнүштү.
Депутаттар жер титирөөдөн улам жашоого мүмкүн эмес деп табылган үйлөрдү кыдырышты. Жергиликтүү тургундар ссуда алууда үйлөрүнүн документтерин топтоодогу кыйынчылыктарды айтышты. Депутаттар тобу эми Жети-Өгүз районуна барышат.