Кыргызстанда жергиликтүү бийлик органдарынын каржылык көз карандысыздыгын мыйзам аркылуу чечүү зарыл. Муну депутат Өмүрбек Текебаев 28-ноябрда Ош шаарында өткөн парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин көчмө жыйынында билдирди. Депутат жергиликтүү бийликти коомдогу маанилүү орган деп атады. "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары мамлекетте негизги ролду ойнойт. Талашсыз, жергиликтүү бийликтин көз карандысыздыгы мыйзам менен аныкталган. Бирок каржылык көз карандысыздыкка жетише элек. Муну мыйзам аркылуу чечишибиз керек",- дейт Текебаев.
Айта кетсек, комитеттин көчмө жыйынында "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу тармагындагы мыйзамдуулук көйгөйлөрү" деген тема талкууланды.