Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиев кармала элек

Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиев кармала элек. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 18-ноябрь күнү Ош шаардык соту тергөөгө келбегендигине байланыштуу К.Кадыралиевди камакка алуу чечимин чыгарган. Ошол эле күнү соттун бул токтомунун негизинде ага издөө жарыяланган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, К.Кадыралиев Өзгөн районундагы жана Ош шаарындагы туруктуу жашаган жерине 17-ноябрдан бери келе элек. Учурда анын кайда экени белгисиз болууда.

Буга чейин Башкы прокуратура Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеп турган кызматынан бошоткон эле.

Айта кетсек, Канжар Кадыралиевден жапа тартканын айтышкан Сактан Келдибаевдин ата-энеси жана бир туугандары 10-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшкөн. Анда Канжар Кадыралиевдин ишкерди коркутуу жолу менен кафель чыгарган заводун тартып алууну көздөп жатканын айтышкан эле. Ошондой эле ишкер менен Канжар Кадыралиевдин телефондогу сүйлөшүүлөрү интернетке тараган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
taku0214
2014-11-28 18:23:56
Карга карганын козун чукубайт. Аны корсо деле кармашпай эле да.
+1
nargiz_96
2014-11-28 18:24:48
Аа эми кармалбайтта башкасы болгондо сотолупта бутот эле ушунча убакта
0
danyshman
2014-11-28 20:36:15
Биздин бийлик ХХХХ,колунардан ХХХХ келбейт куч органдары Канжар кылмышкерди кармоо учун.Калп эле ХХХ ХХХ ХХХ которуп журосунор ХХХ.Ушул жасаган ишинер,саясатынар менен мен уялам,жана да Озбекстанга отуп кетким келет жакында.
0
Dadasdasd
2014-11-29 08:07:34
danyshman, Жакшы олкону тандапсын отуп кеткенге. Тыынч жашайм дегин.
+1
admin_superstan
2014-12-01 12:05:34
danyshman, этика нормаларын сактабаганыңыз үчүн 3 күн БАН!
0
Dadin2
2014-11-29 02:05:56
Апасы менен атасынын уйундо бекинип жатат экенго. Откондо эле апасы айтты элего уйдо мен эч жака чыгарбай уйдо камап олтурам деп ордер алып уйун тинтип кармагылада эми кантип иштеш керек баарын айтып берейлиби?
0
kama_future_millioner
2014-11-30 08:27:33
Кармалбайтдааа оооуууу алыскааа качып кетсе Ошко же дагы бир облусубузгаа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан